Ыдырыс пайгамбардын күмбөзү
Зыярат кылуучу "ыйык жай". Жаңы Базар айылынын күн чыгыш тарабындагы бийик тектирчеде жайгашкан.
Ыдырыс пайгамбардын кадам жайы
Ыдырыс пайгамбардын кадам жайы, андагы күмбөз — Зыярат кылуучу «ыйык жай». Жаңы Базар айылынын күн чыгыш тарабындагы бийик тектирчеде жайгашкан.
Күмбөздөрдү жергиликтүү калк Ыдырыс пайгамбардын ысымы менен байланыштырышат. Алгач ал жерде үч күмбөз болгон. Азыркы күндө эки гана күмбөз сакталып калган. Бузулган күмбөздүн ордуна кийинчерээк жергиликтүү эл тарабынан жол жүргөндөр, зыярат кылуучулар үчүн намаз окулуучу жай салынган.
1920-жылы В. В. Бартольд Чаткал тоо кыркасындагы Жаңы-Базар кыштагынын жогору жагында «Ыдырыс пайгамбар» атындагы эски мазардан ташка жазылган белгисиз жазуу табылган деп эскерет. Жергиликтүү молдо Мырзабек Салибаев окуп, «Бул өткүнчү (маркум) Бий Али бини Насыр хажиб (катчы) Исбиджабдык түрккө таандык — деп которгон.
«Васиат наама ан хазрет Салаллооху алейхи ва салам» (Мухаммад салалооху алейхи ва саламдын осуяттары) китебинен кездешкен маалыматка караганда. (Хадисти топтогон Имам Мухаммад)
«Бир күнү хазрети Мухаммад САВ ривоят кылды. Күн чыгыш тарапта бир мекен бар. Хазрет Идирис алейхи саламдын кадам жайы, бейиштин чырагы дейт. Ал мекендин аты Жидгил (Чаткал). Жидгилде бир рабат бар, ал рабатты Исхажбаб дейт. Исхажбаб эки вилояттын (облус) ортосунда. Күн батыш тарабында Ташкент жайгашкан. Ар адам ал мекенге ыклас менен барса Кудай Таала ал адамдын күнөөсүн кечирет Инша Аллах. Эгер ал жайда эки рекет намаз окуса жакшыраак, башка жердеги 70 рекет намаз окугандан деди.
Илимий каталог катары чыгарылган Археологически памятникики Чаткала (автор И. Мезгин) деп аталган китепте азыркы Ыдырыс пайгамбардын күмбөзү орун алган жерде орто кылымдарга чейинки аянты 7 га ээлеген рават болгондугун белгилейт. Ал эми башка археологиялык казуулар ырастагандай, ал күмбөздөрдөн 4-5 жана 11-12- кылымдарга жана 15-16- кылымдарга таандык ар кандай калыптагы жана ыраңдагы кыштар табылган. Ал эки күмбөздөн 30-40 кадам төмөндө Ыдырыс пайгамбардын чилдеканасы (ибаадат кылган) жайы, андан төмөнүрөктө Оби рахмат булагы жайгашкан.
Оби Рахмат суусу — Бул булак боюнча бул учурга чейин илимий изилдөө жүргүзүлүп так аныктама чыккан эмес. Бирок «Васиат наама ан хазрет Салаллооху алейхи ва салам» (Мухаммад салалооху алейхи ва саламдын осуяттары) китебинде кезиккен маалыматта бул ыйык булак катары баяндалат. Ыдырыс пайгамбардын кадам жайы деп атаган жер азыркы Жаңы-Базар айылы Нур шаары (рават) деп айтылат. Анда Абдуллах ибн Мубарак ривоят кылыптыр, ким бул раватка кадам койсо жетимиш жыл кечеси намаз окуп, кундузу орозо кармагандын сообун табат. Аллах бул пендени тозок отунан асырайт деди. Пайгамбар Мухаммад САВ мен Жабрейилден уктум, Жабрейил мен Микаелден уктум, Микаел мен Азрейилден уктум, Азрейил мен Исрофилден уктум, Исрофил мен Лаухул Махфузда жазылганын көрдүм деди. Ким ал мекенге барып булак суусунан гусул, тахарат кылып, эки рекет намаз окуса, тагбир менен рисоланы алып барып окуса, Идирис жана Исхаж бабдын рисоласын озу менен алып журсо, тилеги кабыл болот. Бир күн орозо тутуп же бир кун уктабай отурса Аллах жетимиш жылдык ибаадаттын сообун берет деген.
Ал эми 1984-жылы чыккан «Таажы» аттуу китепте жазылган маалыматка көрө Амир Темир Ока атту кызга баркытка оролгон таза алтындан куюлуп, алмаз жана акак таш менен кооздолгон таажы берет. Аны ачып көргөн Ока кооздугуна таң калганын жашыра албаган. Анда Амир Темир бул таажы жонокой таажы эмес. Ал Чаткалдагы Оби Рахмат ыйык булагында жаркытылган. Өз кезегинде ал булактан Македониялык Искендердин өзү суусун кандырган деген. Оби Рахмат булагынан жергиликтүү элдер да дарылыкка пайдаланышат. Башка жактан зыяратка келгендер дагы булактын суусунан өздөрүнүн келген жерлерине алып кетишет.
Эл оозунда «Бала сурасаң — Ыдырыс атага бар» деп айтылат. Жергиликтүү калк, зыяратка келген адамдар мал союп, кан чыгарып, түлөө өткөрүп турат. Бул сөздүн келип чыгышы Рисололалардагы (кол китеп) маалыматтарда төртүнчү кабаттагы күн үчүн дайындалган Дардоил периште Идырис пайгамбарды төртүнчү кабат асманга меймангерчилике чакырып келгенде Идирис пайгамбар периштенин сөзүн кабыл алып, өзү ибадат кылчу ибадатканасынын үстүнө чыгып эй бурадар Дардоил момун пенде өзүнүн мекен жайынан чыгып мен деп менин куттуу мекенимди зыярат кылса жана эки рекет намаз окуса сообун мага атап, бир кече күндүз турса ушул жайдан ордуман турбай тилеген мурад максатын Аллахтан сурап бербесем Аллахтын Идирис пайгамбары эмесмин деп убада кылып кийин ушул дөбөнүн үстүнөн азрети Дардоил азрети Идирис пайгамбарды аркасына көтөрүп төртүнчү асманга алып чыкты. Идирис пайгамбар төртүнчү асманды тамаша кылып, андан кийин масжудул Аксага барып эки рекет намаз окуду. Аллах Таалага хамду сана айтты. Караса Азреил периште пайда болду. Идирис пайгамбар сизди коргөнүмө аябай сүйүнүп турамын деп айтты. Азрейил периште адамзат мени көргөнгө каршы эле, сиз эмне үчүн мени көрүп сүйүндүңүз?- деп сурады. Идирис пайгамбар сиз менин жанымды алсаңыз, Аллах Таала кайта жанымды салса, ошого жараша ибадат кылсам деди. Аллах Тааладан кабар келди эй Азрейил Идирис эмне десе аткар деген. Аллах Тааланын буйругу менен Азрейил Идирис пайгамбардын жанын алды. Жан бергенде жан азабын көрдү. Аллах кайра жанын салды. Жан азабын көрдүм эми тараза мизан, кыл көпүрөнү көрсөм деди. Аллахтан Идирис эмне десе аткар деген буйрук болду. Идирис пайгамбар тараза мизандан кийин кыл копүрөдөн өттү, артынан тозокту көрөйүн деп айтты. Азрейил тозокту көргөнгө болбойт деди. Идиристин айтканын аткар деди Аллах Таала. Азрейил тозоктун пардасын көтөрдү, андан кыйынчылыктарды көрдү да, эми бейишти көрсөм деди. Азрети Азрейил бейиш жакшы жай кирген адам кайра чыкпайт. Идирис пайгамбар чыгамын деп убада берди. Идирис пайгамбар бейишке кирип кайра чыкты. Чыгып баратып бир дарактын бутагына ридасын илип чыкты. Чыгып эй бурадарым Азрейил ридамды унутуп калтырыпмын, кайра кирип алып чыгайын деди. Азрейил кирип тезирек алып чыгың деп уруксат берди. Идирис пайгамбар бейишке кирип ридасын алып, бейишти тамаша кылып, бир жайына барып отурду. Азрейил эй бурадар Идирис пайгамбар бейиштен чыгыңыз деди. Идирис бейишке кирдим эми чыкпаймын деди. Кайрадан Идирис пайгамбар Азрейил периштеден бейишке кирип чыкпай коюга кандай шарт бар деди. Азрейил периште абал өлүү керек, кайра тирилүү, кыл көпүрөдөн өтүү, тараза мизан, тозоко кирүү, кайра бейишке кирүү деп жооп берди. Идирис пайгамбар мен өлдүм, кайра тирилдим, тараза мизан, кыл көпүрө, тозоко кирдим, чыгып бейишке кирдим, чыгып кайра кирдим эми чыкпаймын деди. Аллахтан буйрук келди эй Азрейил Идиристи өз жайына кой, бейишке менин буйругум менен кирди. Азрейил бейишке Мухаммад САВ кирмейинче эч ким кирбейт деген элеңиз деп сурады. Анда Аллах Тааладан кабар келди, мен Идириске бейиштин ичинен орун жасаганмын деген. Идирис пайгамбар бейишке кирип чыкпай калды. Бир маалыматта дарбаза жаннат деп айтылат.
Ыйык куран китебинин Мариям сүрөсүнүн 56-57-аяты, Амбия сүрөсүнүн 85- аятында
Мариям сүрөсүнүн 56-аят «Китепте Идристи эстегин. Акыйкатта, ал чынчыл пайгамбар болгон». 57-аят «Биз аны бийик орунга көтөрдүк.»
Амбия сүрөсүнүн 85- аят (оо, Мухаммад), «Ысмайыл, Идрис, Зулкифлдерди да эстегин. Алардын баардыгы сабырдуулардан болгон.»
Идрис пайгамбардын чынчылдыгы жана анын бийик даражага көтөрүлгөндүгү жөнүндө баяндайт.
Которгон жана даярдаган: Салибаев Мырзабек Шергазиевич.
